Коом

«Сосновка» постундагы жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Бишкек – Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалар өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрлик белгилегендей, кечээ, 8-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу максатында саат 17:20дан тарта «Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилген.

Аталган чектөө бүгүн, 9-декабрда саат 09:00дө алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button