Окуялар

Бишкекте мушташкан эки кыз жоопкерчиликке тартылды

Бишкекте коомдук жайда мушташкан эки кыз жоопкерчиликке тартылды. Окуя тартылган видео буга чейин социалдык тармактарда тараган.

Милициянын маалыматына караганда, видеодо кыздар бири-бирин сөгүп, кемсинтип жатканы көрүнөт. Кийин алардын ортосунда мушташ чыккан.

Бул факты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Милиция кызматкерлери жаңжалга катышкан кыздарды аныктап, райондук милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Алар 2004-жылы туулган А.Ш. жана 2007-жылы туулган К.С. болуп чыккан.

Экөөнө тең Кыргызстандын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси — «Майда бейбаштык» боюнча протокол түзүлдү.

Сот материалдарды караганга чейин кыздар Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button