Бишкекте Борбор Азиядагы эң чоң «Бишкек жылдызы» аттуу айланма дөңгөлөк орнотулду

Бишкек шаарында Борбор Азиядагы эң чоң айланма дөңгөлөк орнотулду. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев реконструкцияланып жаткан объектке барып, иштердин жүрүшүн текшерген учурда айтылды.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, долбоор паркты комплекстүү жаңылоону, аймакты жашылдандырууну, заманбап эс алуу жайларын жана сейилдөө инфраструктурасын түзүүнү камтыйт.
Парктын аймагына буга чейин 500дөн ашык жаш көчөт жана кооздук өсүмдүктөрү отургузулган. Жакынкы убакта дагы ушундай көлөмдө көчөт отургузуу пландалууда.
Учурда топурак төшөө, газон себүү, асфальт төшөө жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Бүгүнкү күндө жалпы иштердин 90 пайыздан ашыгы аткарылды.
«Асман Парк» үй-бүлөлүк көңүл ачуу борборунда заманбап эс алуу жайлары, сейилдөөчү аллеялар, көңүл ачуучу аянтчалар жана футуристтик дизайн элементтери түзүлөт.
Парктын негизги өзгөчөлүгү — бийиктиги 92 метрден ашкан «Бишкек жылдызы» аттуу айланма дөңгөлөк. Ал Борбор Азиядагы эң бийик аттракцион болуп саналат. Анын бийиктигинен шаарды жана кооз тоолорду панорамалык көрүнүштө көрүүгө болот.
Мэр бардык иштерди сапаттуу жүргүзүп, шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүү маанилүү экенин белгиледи.



