Коом

Кумтөрдө алгачкы жолу алтын жер астынан казыла баштады

Кумтөрдө алгачкы жолу алтын жер астынан казыла баштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жаңы ыкма менен иштөөгө онлайн старт берди. Ал кен казуунун мындай ыкмасы алтын өндүрүүнү көбөйтүп, айлана-чөйрөгө жана мөңгүгө зыян келтирбей, экологияны сактоого мүмкүнчүлүк түзөт.

«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын президенти Алмазбек Барыктабасовдун айтымында, алтынды жер алдынан казып алуу боюнча адистер тарабынан иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеме анын экономикалык натыйжалуулугун көрсөтүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жер астынан 115 тонна алтын казып алууга болот. Мындай ыкма Кыргызстанда биринчи ирет колдонулууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button