2026-жылы ЖРТга 69 миңден ашуун абитуриент катышты

2026-жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) үч этаптын жыйынтыгы боюнча 69 миң 467 абитуриент катышты. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, абитуриенттердин 55,4 пайызы (38,5 миң адам) тестти кыргыз тилинде, ал эми 44,6 пайызы (31 миңге жакын адам) орус тилинде тапшырган.
Предметтик тесттерге катышкандардын саны төмөнкүдөй:
Тарых — 27 миң 927;
Математика — 17 миң 687;
Биология — 17 миң 297;
Англис тили — 17 миң 168;
Химия — 15 миң 128;
Физика — 5 миң 915;
Кыргыз тили жана адабияты — 5 миң 796;
Орус тили жана адабияты — 4 миң 980.
2026-жылдан тарта ЖРТнын жыйынтыгы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн гана эмес, колледждерге кабыл алууда да милдеттүү талап болуп калды.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү 13-июлда башталат.



