Коом

Алайда 702 батирлүү «Хан-Теңири-8» турак жай комплексинин курулушу башталды

Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында 702 батирге ылайыкталган «Хан-Теңири-8» турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.

Маалыматка ылайык, бул комплекс Алай районундагы эң ири турак жай долбоорлорунун бири болмокчу. Долбоордун алкагында 12 тогуз кабаттуу турак жай курулуп, анда 324 бир бөлмөлүү, 324 эки бөлмөлүү жана 54 үч бөлмөлүү батир жайгашат. Комплекс бардык зарыл инженердик жана социалдык инфраструктура менен камсыздалат.

Курулуштун башталышына арналган салтанатта Президенттин Иш башкаруучусу Канибек Туманбаев мамлекет башчысынын негизги тапшырмаларынын бири өлкөнүн бардык аймактарынын, айрыкча алыскы райондордун тургундарын жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу экенин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button