ИИМ мамлекеттик мекемелерде коррупциянын алдын алуу иштерин күчөттү

Мамлекеттик мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар күчөтүлдү.
Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, анын алкагында бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери менен жолугушуу өттү.
Жыйындын катышуучуларына коррупцияга каршы мыйзамдар жана президенттин бул багыттагы жарлыктарынын негизги талаптары түшүндүрүлдү. Ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө кесиптик этиканы сактоо жана академиялык ак ниеттүүлүктү калыптандыруу маселелери талкууланды.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери коррупциялык кылмыштарды жасап, жоопкерчиликке тартылган мамлекеттик кызматкерлердин реалдуу учурларынан мисалдарды келтиришти.



