Коом

Эко-активист Караколдон Бишкекке чейин жөө келди

«Таза карма» фондунун негиздөөчүсү, эко-активист Андрей Панаев Караколдон Бишкекке чейинки жөө жүрүш экологиялык акциясын ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал айлана-чөйрөнү коргоо жана жашылдандырууну жайылтуу максатында 9 күндүн ичинде 388 чакырым аралыкты жөө басып өткөн.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү – активист жол бою колуна карагайдын көчөтүн көтөрүп келген. Бишкекке келгенден кийин Андрей Панаев катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү жаңы эко-технологиялык заводдун аймагына барып, аны шаар мэри Айбек Жунушалиев тосуп алды.

Жөө жүрүштүн алкагында алып келинген карагай жана башка көчөттөр заводдун аймагына отургузулду. Көчөттүн жанына акция тууралуу маалымат камтылган атайын QR-коддуу тактача орнотулду. Салтанаттуу аземден кийин калааны жашылдандыруу жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү багытында пикир алмашышты.

Белгилей кетсек, Андрей Панаев Росиянын Казань шаарында туулган. Ал саякаттап жүрүп Кыргызстанды жактырып калып, ушул жерден үй-бүлө курган. Учурда Каракол шаарында жашайт. Акциянын башкы максаты – коомчулуктун көңүлүн жаратылышты коргоого жана экологиялык жоопкерчиликке буруу болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button