Коом
Караколдо президент менен айдоочунун жолугушуусу кызуу талкуу жаратты

Президент Садыр Жапаровдун Каракол шаарына болгон иш сапары учурунда журналисттердин көңүлүн бурган окуя катталды.
Жаңы шаардык автобустарды текшерип жүргөн учурда мамлекет башчысы күтүүсүздөн бир айдоочуга жакындап, жылуу учурашкан.
«Сен бул жерде иштейсиңби?» — деп президент жылмайып сураган.
Кийин ал айдоочу журналисттерге Садыр Жапаров экөө бир класста окуганын айткан. Анын айтымында, ал 20 жылдан бери айдоочу болуп иштеп келет.
Бул окуя социалдык тармактарда талкуу жаратты. Көптөр президенттин классташы жогорку кызматта эмес, өз кесиби менен иштеп жүргөнүнө көңүл бурушкан.
Ал эми Президенттик администрация бул жолугушуу боюнча расмий комментарий берген жок. Окуя ачык иш-чара учурунда күтүлбөгөн жерден болгон.



