Коом

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин азайып кетүү коркунучу бар

Бул тууралуу энергетика министринин орун барасы Таалайбек Байгазиев билдирди. 

Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,753 млрд куб метрди түзөт, өткөн жылы бул мезгилде 8,035 млрд болчу. 

“Бул начар көрсөткүч. Электр энергиясы көп колдонулгандыктан, айрыкча кечкисин, автоматика системасы иштеп жатат. Ошондуктан айрым райондордо жөнгө салуу чаралары жүргүзүлөт (жарык өчүрүлөт). Март айына карата суткасына лимитибиз 54 млн киловатт-саатты түзөт, бирок биз андан ашып жатабыз. Эгер мындай көрүнүш улана берсе, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайып кетиши мүмкүн. Андыктан кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз“, — деди Байгазиев. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button