Коом

Мамлекеттик авто мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүктөр берилди

Кыргызстанда ушул жылдын март айында ишин баштаган мамлекеттик авто мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүнө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөр тапшырылды. Алар CE категориясы боюнча кайра даярдоо жана A категориясы боюнча окуу программаларын ийгиликтүү бүтүрүшкөн.

Салтанаттуу иш-чарага Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, документтерин тапшырды.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, CE категориясы боюнча эки айлык кайра даярдоо курсуна 100 курсант кабыл алынып, алардын 57си окууну ийгиликтүү аяктаган.

Эске салсак, мамлекеттик авто мектептер Кыргызстанда 2026-жылы айдоочуларды даярдоо системасын реформалоонун алкагында иштей баштаган. Бийлик бул кадам окутуунун сапатын жогорулатуу, айдоочулук күбөлүк алууда коррупцияны жоюу жана даярдыкты күчөтүү максатын көздөөрүн билдирген. Президент Садыр Жапаров мурда айрым жеке авто мектептер толук окутпай эле сертификат берип келгенин белгилеген.

Тектеш кабарлар

Back to top button