Коом

Акыйкатчы ири дүкөндөрдүн ээлеринен майыптыгы бар адамдардын кол эмгектерин сатып берүүнү өтүндү

Акыйкатчы институту ири дүкөндөрдүн ээлерине майыптыгы бар адамдардын жана улгайгандардын колунан чыккан продукцияларды коюп сатчу социалдык бурчтарды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайт. Бул тууралуу Омбудсмендин маалымат кызматы билдирди.

«Көптөгөн социалдык стационарларда жашагандар андагы ийримдер жана чыгармачыл устаканаларда сувенирлерди, бир катар буюмдарды колдо жасашат. Эрмектеп, алаксып буюмдарды жасоо аларга ишинин майнабын көрүүгө жана кошумча киреше алууга жардам берет. Бирок буюмдардын жакшы сапатта экендигине карабастан сатууга жер жок болуп, кардарларды дайыма эле таба беришпейт», — деп айтылат маалыматта.

Институт ишкерлер бул демилгени колдоп, калктын аялуу катмарынын социалдык-экономикалык укуктарын камсыздоого колдоо көрсөтсө сөз болуп жаткан адамдарды коомдук турмушка интеграциялоого да салым кошорун белгилеген.

Институттун маалыматына караганда Кыргызстанда 17 социалдык интернат иштеп, анда 2443 адам жашайт. Булардын ичинен 491и — улгайган жана майыптыгы бар адамдар.

Тектеш кабарлар

Back to top button