Коом

УКМК: Жогору жакта таанышым бар деп 70 миң доллар жана 15 миң долларлык машинасын алган алдамчылар кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

УКМК өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жеке мамилелерине таянып, курулуш компаниясы үчүн 1,2 миллион доллар акчалай сыйлыкка Бишкектен жер тилкесин алып берүүнү убада кылган кыргыз жарандары «К.У.А.» жана «Б.Т.» тарабынан алдамчылык иш-аракеттери аныкталган.

К.У.А. жана «Б.Т.» алдын ала 70 000 доллар, ошондой эле рыноктук баасы 15 000 доллар болгон KIA K5 унаасын алышкан. Бирок, алар өз милдеттенмелерин аткарышкан эмес.

Ээсинин (жабырлануучунун) акча каражаттарын жана унааны кайтарып берүү боюнча мыйзамдуу талаптарына жооп катары «К.У.А.» жана «Б.Т.» өлкө жетекчилиги менен байланыштарын шылтоолоп, ээси менен жолугушуудан качып, акчаны жана унааны кайтарып берүүдөн баш тартышкан.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча «К.У.А.» жана «Б.Т.» кармалып, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынган.

Учурда тергөө чаралары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button