Коом

Кыргызстан менен Түштүк Корея токойлорду калыбына келтирүүдө кызматташат

Кыргызстан менен Түштүк Корея токой чарбасы жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү багытында өнөктөштүктү кеңейтүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин Токой кызматы кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев жетектеген кыргыз делегациясы Сеулга болгон иш сапарынын алкагында Кореянын токой кызматы министри Пак Ын Сик менен жолугушту.

«Жолугушууда токойлорду кайра калыбына келтирүү, токой ресурстарын туруктуу башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана эл аралык деңгээлде климаттык кризисти жеңүү боюнча өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар экологиялык туруктуулукту камсыздоо жана жашыл аймактарды көбөйтүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button