Коом
Иссык-Атадагы 112 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Башкы прокуратуранын чараларынын негизинде «Ысык-Ата» курортунун аймагындагы жалпы баасы 112 миллион сом болгон беш кабаттуу конок үйү жана ага тиешелүү жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө 2005-жылы жалпы аянты 2 128,48 чарчы метр болгон беш кабаттуу конок үйү жана 0,1 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Прокурордук чаралардын жыйынтыгында аталган кыймылсыз мүлк жана жер тилкеси кайрадан мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.



