Коом

Ош облустук ооруканасына Япония 10 млн сомдук заманбап жабдуулар берилди

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына медициналык жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабдуулар Япония өкмөтү тарабынан берилген.

«Бул «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында ишке ашкан «Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында медициналык чөйрөнү жакшыртуу долбоорунун» бир бөлүгү», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы баасы 10 млн сомдук эки негизги медициналык жабдуу тапшырылды:трансуретралдык резекция үчүн эндоскопиялык стойка;проктологиялык ооруларды дарылоо үчүн ультра үндүү диссектор.

Тектеш кабарлар

Back to top button