Коом
Россияда өткөн эл аралык олимпиадада Кыргызстандык окуучулар 4 медаль жеңди

Россиядагы Москва физика-техникалык институтунда өткөн илимий-физикалык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 4 медаль жеңди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, олимпиадага өлкөдөн 10 окуучу катышты.Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 1 күмүш, 3 коло медаль утту. Ошондой эле 3 Ардак грамота менен сыйланды.
Белгилей кетсек, быйыл аталган олимпиадага 30 өлкөдөн 148 мыкты окуучу катышып, татаал теориялык жана эксперименттик физикалык тапшырмаларды аткаруу боюнча күч сынашты.



