Коом

«75тин каты» иши: Сот пробациялык көзөмөл дайындоонун себебин түшүндүрдү

Бишкектин Биринчи май райондук соту «75тин каты» деп аталган кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга пробациялык көзөмөл дайындалганынын себептерин түшүндүрдү.

Соттун маалыматына ылайык, Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев, Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев жана Эмилбек Узакбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш курамы жок болгондуктан акталышты.

Ошол эле учурда алар Кылмыш-жаза кодексинин 36 жана 326-беренелери боюнча — бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп күнөөлүү деп табылып, ар бирине мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө үчүн 4 жылга эркинен ажыратуу жазасы белгиленди.

Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде соттолгондор жазаны өтөөдөн бошотулуп, 3 жылдык пробациялык көзөмөлгө алынган.

Сот мындай чечим кылмыш аягына чейин жетпей, даярдык стадиясында калгандыгы, ошондой эле айыпталуучулардын өздүгү эске алынып, аларды коомдон обочолонтпостон эле оңдоого болот деген тыянакка келгендиктен кабыл алынганын белгиледи.

Ошондой эле сот пробациялык көзөмөл кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу эмес экенин, анын аткарылышын пробация органдары көзөмөлдөй турганын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button