Садыр Жапаров: «Тамчы» долбоору элибизге жумуш, бизнеске жаңы мүмкүнчүлүк берет

Президент Садыр Жапаров 3-июлда Ысык-Көл облусундагы “Тамчы”атайын финансылык инвестициялык аймагынын (АФИА) ачылыш аземине катышты.
Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өнөктөштөр катышты.
Салтанаттуу аземди ачып жатып, мамлекет башчысы бул аймак региондук жана дүйнөлүк экономикалык процесстер үчүн жаңы инвестициялык аянтча болорун белгиледи.
Президент долбоордун укуктук базасына жана институционалдык негиздерине токтолду.
«Урматтуу мекендештер!
Дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын урматтуу өкүлдөрү жана кымбаттуу өнөктөштөр! Бүгүн касиеттүү көл кылаасынын жээгинде Кыргызстан үчүн дагы бир маанилүү окуяда кездешип олтурабыз.
Бир саамдан соң, биз сиздер менен өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы этабындагы негизги долбоорлордун бири – “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын салтанаттуу түрдө ачабыз.
Кудай буюрса, бул инвестициялык аймак региондук жана глобалдык деңгээлдеги экономикалык процесстер үчүн жаңы инвестициялык аянтча болуп беретБул долбоор Бүткүл Кыргызстан үчүн түбөлүк кызмат кылган, ошол эле учурда өнөктөштөрүбүз үчүн өнүгүп-өсүүнүн ишенимдүү таянычы боло турган эң заманбап экономикалык платформа!
Ушундан улам баарыңыздарды “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын салтанаттуу ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу мекендештер!
Биз бул долбоорду беш жылдан бери дыкат талдап, бул багытта дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды иликтеп, аймакты мындан ары өнүктүрүү боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүп, ырааттуу жана олуттуу аракеттерибиздин натыйжасында ишке ашырып олтурабыз.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, эл аралык өнөктөштөр жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн соң, зарыл болгон мыйзамдар кабыл алынып, укуктук негиздер түзүлдү.
“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө мыйзам аркылуу аймактын макамы, анын укуктук негизи, иштөө тартиби, башкаруу органдары, жөнгө салуу, каттоо, лицензиялоо, талаштарды чечүү механизмдери жана катышуучулар үчүн кепилдиктер аныкталды.
Мына ушундай дыкат мамиле менен “Тамчы” инвестициялык аймагынын узакка иштөөсүнө, инвесторлордун ишеними менен бул долбоорго катышуучулардын бардыгынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган толук кандуу укуктук институт түзүлдү.
Мына ушул сыяктуу маанилүү институттарды ишке киргизүү менен мамлекетибиз инвестициялар, технологиялар, күчтүү компаниялар, кесипкөй кадрлар жана узак мөөнөттүү долбоорлор келе турган өлкөгө акырындап айланып келе жатат.
Бара-бара “Тамчы” атайын аймагы Борбор Азияда жаңы муундагы финансылык, инвестициялык жана инновациялык борбор катары калыптанып, келечекте дүйнөлүк инвестициялык картада татыктуу орун алат. Мен Кыргызстан мүмкүнчүлүктөр ишке аша турган өлкө болоруна толук ишенем.
Алдын ала мерчемдөөлөргө ылайык, бул долбоор акырындык менен өнүгүү темпине чыгып, 2035-жылга чейин бул инвестициялык аймакта 3 900дөн ашуун резидент-компаниялар иштээри, 10 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөрү күтүлүүдө.
Албетте, ири долбоордун мааниси анын жыйынтыгын эл сезгенде гана толук ачылат.
“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы эң оболу биздин элибиз үчүн маанилүү. Жаңы жумуш орундары, кирешенин жаңы булактары, ишкердиктин өнүгүшү,
заманбап кесиптердин пайда болушу жана өлкө экономикасынын бекемделиши элдин жашоо-турмушуна түздөн-түз оң таасирин тийгизет.
Сиздерге маалым болгондой, финансылык инвестициялык атайын аймакка компаниялар келгенде, алар менен кошо куруучуларга, жеткирүүчүлөргө, транспорттук компанияларга, мейманканаларга, ресторандарга, сервистик мекемелерге, фермерлерге жана ишкерлерге жаңы буйрутмалар келет.
Ошентип бул долбоор элибизге жумуш, бизнеске жаңы мүмкүнчүлүк, ал эми мамлекетке экономикалык өсүүнүн жаңы булактарын берет.
“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө мыйзам аркылуу аймактын макамы, анын укуктук негизи, иштөө тартиби, башкаруу органдары, жөнгө салуу, каттоо, лицензиялоо, талаштарды чечүү механизмдери жана катышуучулар үчүн кепилдиктер аныкталды.
Мына ушундай дыкат мамиле менен “Тамчы” инвестициялык аймагынын узакка иштөөсүнө, инвесторлордун ишеними менен бул долбоорго катышуучулардын бардыгынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган толук кандуу укуктук институт түзүлдү”, — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы долбоорду ишке ашыруудан күтүлүп жаткан экономикалык жыйынтыктарга өзгөчө көңүл бурду.
“Алдын ала мерчемдөөлөргө ылайык, бул долбоор акырындык менен өнүгүү темпине чыгып, 2035-жылга чейин бул инвестициялык аймакта 3 900дөн ашуун резидент-компаниялар иштээри, 10 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөрү күтүлүүдө”, — деп белгиледи президент.
Садыр Жапаров долбоордун көп тараптуу экономикалык таасири тууралуу да айтты.
“Сиздерге маалым болгондой, финансылык инвестициялык атайын аймакка компаниялар келгенде, алар менен кошо куруучуларга, жеткирүүчүлөргө, транспорттук компанияларга, мейманканаларга, ресторандарга, сервистик мекемелерге, фермерлерге жана ишкерлерге жаңы буйрутмалар келет. Ошентип бул долбоор элибизге жумуш, бизнеске жаңы мүмкүнчүлүк, ал эми мамлекетке экономикалык өсүүнүн жаңы булактарын берет”, — деди мамлекет башчысы.
Президент АФИАнын атаандаштык артыкчылыктары Дубай, Сингапур жана Люксембург сыяктуу дүйнөлүк финансылык борборлордун ийгиликтүү тажрыйбасына негизделгенин белгиледи.
“Биз бул өлкөлөрдүн тажрыйбасынан натыйжалуулугу далилденген, текшерилген үлгүлөрдү алып, аларды Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктары, Ысык-Көлдүн уникалдуу жайгашуусу, адамдык потенциалыбыз менен айкалыштырууга аракеттендик”, — деди Садыр Жапаров.Мамлекет башчысы кошумчалагандай, ”Тамчы“ атайын финансылык инвестициялык аймагында коммерциялык жана инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү боюнча Эл аралык борборду түзүү өзгөчө мааниге ээ. Бул борбор көз карандысыз, ишенимдүү, эл аралык деңгээлде таанылган болуп, англиялык укуктун негизинде иш алып барат.
“Мындай маанилүү кадам аталган долбоорго болгон ишенимди күчөтүп, “Тамчынын” укуктук архитектурасын негизги атаандаштык артыкчылыктарынын бирине айлантат”, — деди Садыр Жапаров.



