Дүйнө

АКШнын түндүк-чыгышында өзгөчө ысык аба ырайы өкүм сүрүүдө

АКШнын түндүк-чыгышында, анын ичинде New York City жана Washington шаарларында, ошондой эле өлкөнүн башка бир катар аймактарында өзгөчө ысык аба ырайы орноду. Бул тууралуу америкалык ЖМКлар, анын ичинде CNN жана CNBC жазышууда.

National Weather Service (NWS) кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү 180 миллиондон ашуун адам, башкача айтканда АКШ калкынын дээрлик жарымы, ысыктын «олуттуу» жана «өтө кооптуу» деңгээлиндеги таасирине кабылат.

Маалыматтарга караганда, АКШнын чыгыш бөлүгүндө «жылуулук күмбөзү» (heat dome) деп аталган атмосфералык кубулуш пайда болгон.

Метеорологдордун божомолунда, жакынкы күндөрү көптөгөн штаттарда күндүз абанын температурасы +35…+38°C чейин көтөрүлөт. Ал эми абанын нымдуулугу жогору болгондуктан, сезилген температура +43…+46°C чейин жетиши мүмкүн.

Ошондой эле жакынкы күндөрү күндүзгү жана түнкү температура боюнча көптөгөн рекорддор жаңыланышы мүмкүн экени айтылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button