Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен жолугушту

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын биринчи күнү Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун ар түрдүү багыттарындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Ал эми Россия өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө экономика, соода, транспорт жана башка багыттар боюнча кызматташтык маселелери каралды. Өкмөт башчылары эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган жаңы биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну пландап жатканын белгилешти.
Россия тараптын маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөр бүгүн да улантылат.Эске салсак, Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Екатеринбург шаарында жүрөт. Анын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрүп, Иннопром эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат.
«Иннопром» — жыл сайын Россияда өтүүчү эл аралык өнөр жай көргөзмөсү. Бул иш-чарада бизнес өкүлдөрү, окумуштуулар жана мамлекеттик органдар өнөр жайдын келечегин талкуулап, жаңы технологияларды көрсөтүп, кызматташтык байланыштарын өнүктүрүшөт.



