Коом

Кыргызстанда ишкерлердин чет өлкөлөргө салган инвестициясынын көлөмү өсүүдө

Бул туралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ага ылайык, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөдөн сыртка багытталган каражат 24,8 миллион долларды түзгөн. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги 15,2 миллион көрсөткүчүнө салыштырмалуу бир топ жогору.

Инвестициялардын негизги бөлүгү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн бири — Казакстанга багытталган. Ал жакка жалпысынан 19,4 миллион доллар туура келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button