Ош шаарындагы базарда чыккан жаңжал боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды

Ош шаарындагы базарлардын биринде соодагерлердин ортосунда орун алган жаңжал боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин социалдык тармактарда базарда соода кылган жарандардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, бир кишиге карата күч колдонулуп, сабалганы тартылган видео тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

Аталган факты боюнча милиция тарабынан «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген төрт жаран кармалып, аларга айып угузулду.

Шектүүлөрдүн ичинен үч эркек жаран Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми дагы бир аял жарандын жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып, сот тарабынан үй камагына бошотулду.
Белгиленгендей, учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда.



