Коом

Бишкекте курулуучу медициналык шаарчанын жанына ипотекалык үйлөр курулат

Бишкектин түштүгүндө курулушу пландалган медициналык шаарчанын жанына медициналык кызматкерлер үчүн ипотекалык турак жайлар курулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында 5 миң дарыгерди кезексиз ипотекалык батир менен камсыз кылуу каралган. Бирок азырынча бул үйлөр курула элек.

Министр белгилегендей, медшаарчанын аймагына көп батирлүү турак жайлар салынып, бардык 5 миң дарыгер ошол жерден турак жай менен камсыз болот.

Ошондой эле ал жакын арада 2 миңге жакын дарыгерге батир берүү пландалып жатканын, алар боюнча тиешелүү тизмелер түзүлүп бүткөнүн кошумчалады.

Буга чейин бийлик Бишкектин түштүгүндө өлкөнүн негизги медициналык мекемелерин бириктирген жаңы медициналык шаарча курууну пландап жатканын билдирген. Ал жакка Улуттук госпиталь, Кардиология жана трансплантология улуттук борбору, Фтизиатрия борбору жана башка медициналык мекемелер көчүрүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button