Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдордо 75 акысыз орун бөлүндү

2026-2027-окуу жылы үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды кабыл алуу башталды.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришкендей, президенттин жарлыгына ылайык, бул жылы чет өлкөлүк мекендештерди акысыз окутууга 75 квота бөлүндү.
Сынакка Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Казакстан, Пакистан жана Афганистан аймагында жашаган этникалык кыргыздар катыша алышат.
Талапкерлер министрликтин student.edu.gov.kg онлайн системасы аркылуу 2026-жылдын 1-августу саат 23:59га чейин катталып, документтерин жүктөшү зарыл.
«Жүктөлө турган документтердин катарында паспорт/күбөлүк (котормосу менен), аттестат же диплом, үй-бүлө курамы маалымкаты, №086-У медициналык справкасы жана ВИЧ/СПИДдин жоктугу тууралуу маалымкат бар», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик толук эмес тапшырылган арыздар автоматтык түрдө четке кагыларын эскерти.
Делгилей кетсек, документтери туура келген талапкерлер арасында конкурстук тандоо (компьютердик же бланктык тестирлөө) 2026-жылдын 11, 12 жана 13-август күндөрү өткөрүлөт. Тестирлөөнүн так убактысы жана дареги ар бир талапкердин жеке кабинетине жөнөтүлөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн иш күндөрү (саат 15:00дөн 17:00гө чейин) байланыш телефондору: +996 (312) 68-04-71, +996 (551) 44-80-11.
Электрондук дарек: [email protected]



