«Түндүк» тиркемесинде «Президентке кайрылуу» деп аталган жаңы бөлүм кошулду

Кыргызстандын жарандары мындан ары өлкө башчысы Садыр Жапаровго түз кайрылуу жолдой алышат. Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Түндүк» мобилдик тиркемесине «Президентке кайрылуу» деп аталган жаңы бөлүмдү кошту.
Бул кызмат жарандар менен өлкө башчысынын ортосундагы түз байланышты камсыздап, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу максатында иштелип чыккан.
Жаңы кызматтын мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары:
-мурдагыдай арызды кагазга жазып, почта аркылуу же президенттин администрациясына барып тапшыруунун кажети жок. Бардык жараян толугу менен онлайн-форматка өткөрүлдү;
-жарандар өз көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин жазуу түрүндө гана жөнөтпөстөн, ага тиешелүү болгон расмий документтерди, сүрөттөрдү же башка далилдерди тиркей алышат;
-санариптик тутум аркылуу жөнөтүлгөн ар бир кат расмий каттоодон өтөт. Бул кайрылуулардын жоголуп кетүү тобокелдигин жоюп, алардын каралуу мөөнөтүн көзөмөлдөөгө шарт түзөт;
-маалым болгондой, бул кызмат жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара байланышын жеңилдетүүгө, калктын үнүн бийликтин жогорку бутактарына тез жеткирүүгө жана арыздарды кабыл алуу тутумун заманбап кылууга багытталган.
Жаңы бөлүмдү колдонуу үчүн «Түндүк» тиркемесин акыркы үлгүсүнө жаңыртып, башкы беттеги тийиштүү баскычты басуу жетиштүү.



