Бир жумада мас абалында унаа башкарган 519 айдоочу аныкталды

14–20-августта Кыргызстанда Жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 28 миң 367 факты аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бир жуманын ичинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери унааны мас абалында башкарган 519 айдоочуну кармашкан.
Ылдамдыкты ашырган 2 миң 119 айдоочу, тиешелүү документтери жок унаа башкарган 948 адам жоопкерчиликке тартылган.
Мындан тышкары, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 5 миң 236 факт, жөө жүргүнчүлөргө байланыштуу 873 мыйзам бузуу, унааны мыйзамсыз караңгылатуу боюнча 224 факт жана автоээнбаштыкка байланыштуу 38 учур аныкталган.
Ошондой эле жасалма мамлекеттик каттоо номерлери менен унаа башкаруунун 38 фактысы жана жол кыймылынын эрежелерин бузуунун башка 15 миң 73 учуру катталган.
Бир жуманын ичинде 3 миң 320 унаа айып короого киргизилген.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырды.



