Окуялар

ИИМ: Президенттин атынан акчалай төлөмдөр тууралуу жалган жарыя тарап жатат

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан акчалай төлөмдөр тууралуу жалган жарыя тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Жарыяда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилери айтылган. Акча алуу үчүн каттоодон өтүү сунушталууда.

«Мындай билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн шилтемелерге кирбеңиздер, жеке, банктык жана башка купуя маалыматтарды киргизбеңиздер. Мамлекеттик төлөмдөр жана башка расмий чечимдер тууралуу маалыматты мамлекеттик органдардын текшерилген расмий булактарынан гана алыңыздар», — деп эскертти ИИМ.

Тектеш кабарлар

Back to top button