Коом

Нарында топурактын сапатын аныктоочу заманбап лаборатория ишке кирет

1-октябрдан тарта Нарын облусунда топурактын сапатын аныктоочу заманбап лаборатория ишке кирет. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Нарын лабораториясынын имаратынын абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууга облус башчысы Нурбек Сатаров да катышып, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин имаратында жүрүп жаткан жумуштарды көрүп чыгышты.

Илич Марсбек уулунун айтымында, бул лаборатория толук ишке берилгенден кийин дыйкандар топурактын курамын, азыктык элементтеринин деңгээлин жана асылдуулугун так аныктап, илимий негизде жер семирткичтерди колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул өз кезегинде айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.Учурда Нарын облусунун дыйкандары топурактын корутундусун алуу үчүн атайын Бишкек шаарына чейин каттоого мажбур болуп келишет. Лаборатория ачылса, бул убаракерчилик жоюлат.

Тектеш кабарлар

Back to top button