Саясат

Кыргызстан менен Пакистандын президенттеринин расмий жолугушуу аземи өттү

Бүгүн, 7-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Рух-Ордо” маданий борборунда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, 40 этно-жоокер катышты.

Өз ара саламдашуудан кийин лидерлер Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан соң мамлекет башчылары Ардак кароолдун катарын кыдырып чыгышты. Асиф Али Зардари Ардак кароол ротасына “Салам аскер!” деп саламдашты. Ушундан кийин лидерлер расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышты.

Андан кийин Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардари протоколдук сүрөткө түшүү жана кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн №2 мамлекеттик резиденциянын конгресс-холлуна өтүштү.

Тектеш кабарлар

Back to top button