Коом

УКМК: Жалал-Абад облусундагы диний конфессиялардын өкүлдөрүнө эскертүү-профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү- ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 7-июлунда оперативдик кызмат көрсөтүү аймагындагы диний кырдаалды жакшыртуу, бардык этникалык топтордун жана конфессиялардын ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо, ошондой эле ушул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Муфтиятынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү (Казыят) менен биргеликте бардык конфессиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Тегерек стол» форматында семинар өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Азирети Муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү (казы) Жээнбеков Нейматулла ажы, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле диний конфессиялардын өкүлдөрү – Манас шаарындагы «Кудай эненин Успение храмы» орус православ чиркөөсүнүн, Манас шаарындагы Ыйык Тереза Калькутталыктын Рим-католик чиркөөсүнүн, Манас шаарындагы Кыргыз Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний борборунун  филиалынын, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Евангелисттик христиан-баптисттер чиркөөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун негизги максаты – диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын түшүндүрүү, коомдо мамлекеттин светтик өнүгүү принцибин, мыйзамды урматтоо маданиятын калыптандыруу, укуктук маданиятты, санариптик жана медиа-маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу, ошондой эле этностук топтор менен диний конфессиялардын ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо, диний ишенимдин негизинде келип чыгышы мүмкүн болгон чыр-чатактардын, кастыкты козутуунун, зордук-зомбулуктун  алдын алуу жана бөгөт коюу болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button