Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жарым жылда 3,4 миңден ашуун кайрылуу түштү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан мамлекеттик социалдык заказынын алкагында, адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында 5200 ишеним телефонунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздап келет.
Министрликтен билдиришкендей, аталган кызмат жарандардын кайрылууларын кабыл алуу, аларга психологиялык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча кеңеш берүү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга жана адистештирилген кызматтарга өз убагында багыттоо функцияларын аткарат.
Ошону менен бирге, министрлик жарандарды үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашырбоого, укуктары бузулган учурда өз убагында жардам сурап кайрылууга чакырат. Зомбулук — жеке үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй коомдун коопсуздугуна жана жарандардын бакубат жашоосуна терс таасирин тийгизген көрүнүш. Ар бир кайрылуу өз убагында жардам көрсөтүүгө жана оор кесепеттердин алдын алууга өбөлгө түзөт.
2026-жылдын 6 айлык маалыматы боюнча 5200 ишеним телефонуна 3480 чалуу болгон.
Анын ичинен:
- Физикалык зомбулук фактысы — 335;
- Психологиялык зомбулук фактысы — 1513;
- Куугунтуктоо фактысы — 142;
- Экономикалык — 251.
Ал эми юридикалык жардам алууга — 1309 кайрылуу багытталган.
Психологиялык жардам — 1302 жаранга көрсөтүлгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга оор турмуштук кырдаалга кабылган учурда өз убагында жардам көрсөтүү үчүн 5200 ишеним телефону иштеп жатканын эскертет.
Ишеним телефонуна кайрылуу — квалификациялуу консультация, психологиялык жана укуктук колдоо алуу, ошондой эле өз укуктарыңызды коргоо боюнча жардамга ээ болуу мүмкүнчүлүгү.



