Турак жай үчүн камсыздандыруу пулу түзүлөт

Президент Садыр Жапаров 24-июлда Жарандык кодекске жана Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү карай турган №122 мыйзамга кол койду.
Документ турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тутумун өркүндөтүүгө багытталган.
Негизги жаңылыктардын бири — камсыздандыруу пулун түзүү болуп саналат. Бул механизм тобокелдиктерди камсыздандыруу уюмдарынын ортосунда бөлүштүрүүгө жана турак жайды милдеттүү камсыздандыруу тутумунун финансылык туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп болжолдонууда.
Ошондой эле бул механизм камсыздандыруу учурлары келип чыкканда жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылышы керек.
Мыйзамды ишке ашыруу камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүгө жана калктын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоону чыңдоого өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.



