Коом

«Манас» аэропорту каттамдарды кайра жандантууда

7-июлда TezJet авиакомпаниясынын Бишкек–Ош багытындагы учагы шассидеги техникалык мүчүлүштүктөн улам учууну токтоткон окуядан кийин «Манас» эл аралык аэропортунун каттамдарынын графиги өзгөрдү.

Окуядан кийин айрым каттамдар запастагы аэропортторго багытталып, кээ бирлери жокко чыгарылып же кечигүү менен аткарылууда.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын маалыматына ылайык, бүгүн авиакомпаниялардын көбү каттамдарын түштөн кийинки жана кечки убакытка жылдырды. Бул чечим учакты учуу-конуу тилкесинен чыгарып, тилкени толук бошотуу зарылдыгына байланыштуу кабыл алынган.

Учак тилкеден чыгарылгандан кийин биринчи каттамды саат 11:50дө учуруу пландалган.

Учурда жаңы учуу графиги түзүлүп жатат. Маалыматка ылайык, түнкү саат 00:00гө чейин кечигип калган бардык каттамдарды аткаруу мерчемделүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button