Коом
Борбор калаанын Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иштер жылуулук тармагынын түтүктөрүн жаңылоого байланыштуу болууда. Аталган тилкеде диаметри 426 мм. түтүктү алмаштыруу пландалууда. Бул жылуулук менен камсыздоо боюнча иштерге байланыштуу экенин айтышты.
Буга чейин Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги түтүк алмаштырылган.
Мэрия мындан улам аталган жер аркылуу өтчү шаардыктарга кайрылып, жолун алдын ала караштырып алууну эскертти.


