Коом

Чек ара кызматы: “Баткенде 21 жаштагы чек арачы кокустуктан улам көз жумду”

21-февралда Баткен чек ара отрядынын чек арачысы куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чек ара заставасынын өздүк курамын алмаштыруу учурунда УКМКнын 1997-жылы туулган аскер кызматкери 2002-жылы туулган чек арачыны кокустан атып алган.

Медициналык кызмат көрсөтүлгөнүнө карабастан, аскер кызматкери алган жараатынан улам каза болгон. Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилген. Окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button