Дүйнө
Эмине Эрдоган Эммануэл Макронго колун өптүрбөй ыңгайсыз абалда калтырды

Түркия президентинин жубайы Эмине Эрдоган Анкарада өткөн НАТО саммитинин катышуучуларынын жолугушуусунда Франциянын президенти Эммануэл Макрон анын колун өбүүсүнө жол берген жок. Бул тууралуу Yeni Şafak басылмасы жазды.
Жарыяланган видеодо Макрон Эмине Эрдогандын колун өбүү үчүн эңкейгени көрүнөт. Бирок ал анын билегинен кармап, учурашууну башкача улантат.
Ошол эле учурда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Франциянын биринчи айымы Брижит Макрон кол алышып учурашты. Андан соң эки өлкөнүн лидерлери жана алардын жубайлары биргелешкен сүрөткө түшүштү.



