Коом

Орунтаев көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын жаңылоо боюнча жарандардын нааразычылыгына жооп берди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев ШКУ саммитине карата көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын жаңылоого байланыштуу жарандардын нааразычылыгына жооп берди.

Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары өз үйлөрүн, короолорун жана үйдүн айланасындагы аймактарды күтүүгө өздөрү да жооптуу болушу керек.

«Бул үйлөр — жашоочулардын жалпы мүлкү. Мен да көп кабаттуу үйдө жашайм жана анын сырткы көрүнүшүнө жашоочулар өздөрү жооп бериши керек деп эсептейм. Батирдин ичи кандай маанилүү болсо, үйдүн сырты да ошондой маанилүү. Жеке үйдө жашасак, фасадын өзүбүз сырдап, оңдоп-түзөп турабыз. Анткени ал биздин үй. Бирок көп кабаттуу үйдө айрымдар «батирдин ичи меники, сырты меники эмес» деген түшүнүк менен жашашат. Бул түп-тамырынан туура эмес. Үйдүн бүтүндөй имараты жалпы мүлк», — деди министр.

Ал ошондой эле мамлекет жана жергиликтүү бийлик каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша имараттардын сырткы көрүнүшүн, анын ичинде фасаддарын жаңылоого көмөктөшүп жатканын белгиледи.

«Эгер бардык жоопкерчиликти мамлекетке жүктөй берсек, анда бардык үйлөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берип, ички оңдоо иштерине да мамлекет каражат тапсын дегендей болуп калат. Бул да туура эмес», — деди Нурдан Орунтаев.

Тектеш кабарлар

Back to top button