Asman Airlines Алматы – Тамчы багыты боюнча биринчи жайкы эл аралык каттамын аткарды

2026-жылдын 10-июлунда Asman Airlines авиакомпаниясы Kompas туроператору менен биргеликте Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча ушул сезондогу алгачкы эл аралык каттамын ийгиликтүү ишке ашырды.
Бул менен Казакстан менен Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн ортосундагы салттуу жайкы авиакаттамдар сезону расмий ачылды.«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда алгачкы жүргүнчүлөрдү «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.
Конокторду улуттук кийимчен кыздар кыргыз элинин меймандостугу менен тосуп, майрамдык маанай тартуулашты.
Жайкы учуу программасынын алкагында Тамчы – Алматы – Тамчы багыты боюнча каттамдар 2026-жылдын сентябрь айына чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Бул эки өлкөнүн ортосундагы ыңгайлуу жана тез аба каттамын камсыздайт.


