Окуялар

Бишкекте жеңил унаа менен тез жардам унаасы сүзүшүп, тез жардам унаасы оодарылып кетти

Борбор калаада жеңил унаа менен тез жардам унаасы катышкан жол кырсыгы катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык Тоголок Молдо көчөсү менен Щербаков көчөсү жактагы кесилишке жакын жерде болгон.

Окуя болгон жерден тартылган видеодо кагылышуудан кийин тез жардам унаасы капталына оодарылып кеткенин көрүүгө болот.

Жабыркагандар тууралуу азырынча расмий маалымат жок. Жол кырсыгынын келип чыгуу жагдайлары такталууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button