Коом
ӨКМ тоолуу аймактарда сел жүрүү ыктымалдыгын эскертет

9-13-июлга чейин тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бул күндүн кескин ысышынан жана жаан-чачындан улам болушу мүмкүндүгүн айтышты.
Министрлик элге коопсуздук эрежелерин бузбай, сак болууну эскертет.



