Маданият

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жандуу музыка кечесине чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун 10 жана 11-июль күндөрү саат 19:00дө «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатрда өтө турган жандуу музыка кечелерине чакырат.

Эки күн бою чыгармачыл жамааттар жана таланттуу аткаруучулар катышкан мазмундуу концерттик программа тартууланат. Көрүүчүлөр үчүн элдик жана эстрадалык чыгармалар жаңырып, жайкы кечке жагымдуу маанай тартуулайт.

Музыкалык кечелер борбордун маданий жашоосун өнүктүрүү, улуттук искусствону жайылтуу жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында уюштурулууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button