Коом

Григорьевкада селден улам жараксыз абалга келген көпүрө калыбына келтирилди

Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында селден улам жараксыз абалга келген көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, 2-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам Чоң-Ак-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада капчыгайдагы 5-көпүрө жараксыз абалга келген болчу.

«Бул өтмөк капчыгайдагы малчылар, жергиликтүү тургундар жана эс алууга келген туристтер үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон. Көпүрөнү кыска убакыттын ичинде кайра куруу ишине ӨКМ адистери, Садыр Аке айыл өкмөтү жана «Чайна роуд» ишканасынын атайын техникалары тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө көпүрө толугу менен калыбына келтирилип, унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз каттамы камсыз кылынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button