Нурдан Орунтаев президенттин уулу менен достугу тууралуу маалыматты четке какты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, президент Садыр Жапаровдун уулу менен достугу бар деген маалыматты четке какты.
Министр президенттин үй-бүлө мүчөлөрү менен тааныш эместигин белгиледи. Анын айтымында, буга чейин укук коргоо органдарында иштеп, кийин борбор калаанын мэриясындагы чакан департаментти жетектеген.
«Балким, жетекчилик жакшы кадр саясатынын негизинде же белгилүү эмгегим үчүн азыркы кызматка дайындагандыр», — деди ал.
Ошондой эле Орунтаев президент менен туугандык же достук байланышы жок экенин айтып, мамлекет башчысына кеңешмелерге гана кирерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн Нурдан Орунтаев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.



