Коом

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун Кыргызстанга киргизилген жок

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында Казакстандан Кыргызстанга алып келинген 36 тонна азык-түлүк уну боюнча карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, карантиндик көзөмөлгө алынган продукциянын партиясына фитосанитардык сертификат берилген эмес.

Ушундан улам жүк Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүүчү тарапка кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button