Бишкекте 18 фонтан иштеп жатат

Бишкек шаарында учурда 18 фонтан пайдаланууга берилген. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев борбор калааны жашылдандыруу маселелерине арналган Экологиялык кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, фонтандарды калыбына келтирүү иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. 2024-жылы реконструкциядан кийин Ала-Тоо аянтындагы фонтан ишке берилсе, 2025-жылы дагы беш фонтан пайдаланууга берилген. Ал эми 2026-жылы жети фонтан толугу менен калыбына келтирилип, иштеп жатат.
Экологиялык кеңештин жүрүшүндө мэр шаар тургундары менен бирге «Өкмөттүн» сквериндеги жана «Театралдык» аллеядагы жаңы ачылган фонтандарды көрүп чыкты.
Мындан тышкары, Жаштар аллеясындагы бардык фонтандар толугу менен оңдолду.
Учурда Соода үйүнүн жанындагы «Балыктар» фонтаны реконструкцияланып жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, аны бир ай ичинде ишке берүү пландалууда. Ошондой эле 31-августка чейин бул аймактагы калган фонтандар да пайдаланууга берилет.



