Испанияда токой өртүнөн 11 адам каза болуп, 19 адам дайынсыз жоголду

Испаниянын түштүгүндө чыккан токой өртүнөн кеминде 11 адам каза болуп, дагы 19 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Андалусия автономиясынын өкмөт башчысы Хуан Мануэль Морено Бонилья билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун төртөө бир унаанын ичинде болушкан. Ошондой эле дагы бир адамдын каза болгону тууралуу маалымат такталып жатат.
Андалусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын жетекчиси Антонио Сансанын маалыматына ылайык, дагы төрт адам оор күйүк алып, ооруканада жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун көбү чет өлкөлүк жарандар. Алар бийликтин үйлөрүндө калуу боюнча эскертүүсүнө баш ийбей, жеке унаалары менен качууга аракет кылышкан. Төрт адам унаанын ичинде каза болсо, дагы жети киши унааларын таштап, жөө качууга аракет кылышкан.
Токой өртү Андалусиядагы Альмерия провинциясынын Бедар айылынын аймагында чыккан. Учурда жолдор жабылып, жергиликтүү тургундар эвакуацияланды. Өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул жайда Испанияда абанын температурасы +40 градуска чейин жеткен.



