Коом

Бишкекте окуучу жанын кыйды. Окуяга милициянын тиешеси бар-жогу текшерилет

Соцтармакта Бишкекте 17 жаштагы окуучу үйүндө өмүрүн кыйганы тууралуу жазылган.  

«Ал 26-сентябрда классташтарынын бири менен сейилдеп жүрүп чылым чегүүнү чечишкен. Аларды байкап калган милиционерлер окуучуларды зекип, коркутуп, 3000 сом талап кылышкан. Андан кийин алардын ата-энесинин катышуусу жок эле протокол түзүшкөн», – деп жазылат билдирүүдө.  

Андан кийин окуучу үйүнө барып жанын кыйганы белгиленген.   

Бул боюнча Бишкек ШИИББи маалымат таратып, өспүрүмдүн өмүрүнө кол салганын тастыктады. Окуяны Бишкек ШИИББдин жетекчиси жеке көзөмөлүнө алды.   

Милиция билдирүүдө жазылгандар боюнча тыкыр текшерүүлөр жүрөрүн убадалады. Шаардык милициянын жетекчилиги каза болгон баланын ата-энесине байланышка чыгып, ШИИББге чакырган.   

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button