Коом

Кыргызстандан күйүүчү май алып чыгууга тыюу салынды

Министрлер кабинети Кыргызстандан мунай продукцияларын алып чыгууга тыюу салды.

Минкабдын 13-июлдагы №484 токтомуна ылайык, мунайды жана мунай каражаттарын Кыргызстандан алып чыгууга тыюу салуу бардык багыттар боюнча, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө карата да иштейт.

Документтин мурунку редакциясы ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары гана алып чыгууга тыюу салган. Эми мунайды жана мунай продуктыларын автомобиль жана темир жол транспорту менен ички рынок камсыз болгонго чейин алып чыгууга тыюу салынды.

Минкаб чечими менен кайра иштетилген продукцияны милдеттүү түрдө кайра алып кирүү шарты менен нафта, мазут жана меш отунун кайра иштетүүгө бажы аймагынан тышкары чыгарууга болот. Ошондой эле транспорт каражаттарынын штаттык бактарындагы күйүүчү майды алып чыгууга да тыюу салынбайт.

Ушул эле токтом менен 2026-жылдын 25-майынан тартып 2027-жылдын 1-апрелине чейинки өлкөгө автомобиль транспорту аркылуу мунай каражаттарынын айрым түрлөрүн (экологиялык отун (биоотун), жеңил жана орто дистилляттар (бензин жана дизель отуну — ред.), керосин, газойлдор, газохол, газолин, стабилдүү газ композити, нафта, нефрас, бензанол, меш отуну) алып кирүүгө уруксат берилди.

Мамлекеттик бажы кызматына жана Чек ара кызматына мыйзамсыз алып чыгуунун алдын алууга багытталган чараларды көрүү тапшырылды.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button