«Асман Эйрлайнс» Тамчы — Ташкент багыты боюнча алгачкы түз каттамын ишке ашырды

Мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Malva Tour туроператору менен биргеликте бүгүн Тамчы — Ташкент — Тамчы багыты боюнча алгачкы түз каттамды аткарды.
Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, каттамдар жумасына бир жолу — шаршемби күндөрү жүргүзүлөт. Учуу убактысы болжол менен 1 саат 20 мүнөттү түзүп, жүргүнчүлөргө Ысык-Көлгө которуусуз жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы авиабагыт туризм тармагын өнүктүрүүгө, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтик агымды көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого багытталган.
Malva Tour туроператору жүргүнчүлөр үчүн Ысык-Көлдө жайгашуу, экскурсиялар жана көңүл ачуу кызматтарын камтыган атайын туристтик топтомдорду сунуштайт.
«Асман Эйрлайнс» мындан ары да эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтип, чет өлкөлөр менен аба байланышын өнүктүрүүнү улантарын билдирди.



